• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Зомбулук көрдү деген бала ата-энесинен убактылуу ажыратылды

15 Аяк оона 202410:52 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында ата-энеси жазалады деген беш жашар бала үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиришинче, баланын апасы уулу жолдогу машиналарга, кошуналардын терезесине таш ыргытканы үчүн урушканын айткан, бирок такай сабап, кол көтөргөнү, зомбулук көрсөткөнү тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган. Ал учурда экинси күйөөсү менен жашары, жети айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясы бул окуя териштирилип жатканын, үй-бүлөнүн тек-жайы аныкталганын билдирген.

Анын алдында социалдык тармактарда денесинин айрым жерлери көгөргөн, жара болгон, аны атасы менен апасы урганын айткан жашы жете элек баланын видеосу жарыяланган.

Количество просмотров: 236