• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Зомбулукка кабылган келин окуянын чоо-жайын айтып, элге кайрылуу жасады

2 Теке 2022 15:21 Бишкек Govori.TV

Карындашынын намысына тийип, ур-токмокко алган кишини атып салган жарандын карындашы А.Ж. окуянын чоо-жайын айтып, элге кайрылуу жасады. Бул туурасында ал Инстаграм баракчасында жарыялады.

«Мен эч качан мындай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Менин үй-бүлөмө абдан кыйын болуп жатат. Агам, менин тирегим — менин намысымды коргоду! Ал учурунда жетишип келип калбаса эмне болуп кетет эле билбейм, айта албайм. Кайдыгер карабагандарды менин үй-бүлөмдү колдооңуздарды сурайм. Биз сиздерге өтө муктаж болуп турабыз, мындайды эч кимдин башына салбасын», — деди көз жаш аралаш ур-токмокко алынган келин.

Эске салсак, окуя кечээ, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Келин аялдамада турганда эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган. Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан автоунаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат.

Количество просмотров: 1106