• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Зомбулукка кабылган келиндин окуясы. Экинчи тарап дооматтарды четке какты

16 Жетинин айы 202315:21 Бишкек Govori.TV

Кундуз Сакишова менен анын жактоочусу Индира Саутованын айткандары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Govori.TVга Сакишованын жолдошунун адвокаты Наталья Силина билдирди.

Силина соттук иштерде экинчи тараптын кызыкчылыгын коргоп жатканын билдирип, буларга токтолду.

«Кундуз Сакишова буга чейинки берген маегинде күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыккан. Бирок аны сотто далилдеп бере алышкан жок»,-деди ал.

Экинчи тараптын пикири толук төмөндөгү видеодо.

Үстубүздөгү жылдын 26-октябрында биздин редакцияга 32 жаштагы келин кайрылып, күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын айткан. Ал улуу баласын бир жылдан бери көрө электигин белгилеп, соттордун чечимдерине нааразы болгон.

Количество просмотров: 1071