• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясы: Жабыркагандардын өкүнүчтүү окуялары баяндалды

3 Бештин айы 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция уланып жатат. 16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

Бүгүн, 3-декабрда «Гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн мыйзамдуулукту жана сот адилеттигине көмөктөшүү» долбоорунун алкагында зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдардын өкүнүчтүү окуяларын адистер баяндап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары, юристтер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышкан саамалыкта коомдун үй-бүлѳлүк жана гендердик зомбулукка жол бербестигин жогорулатуу, мекендештер арасында зомбулуктун бардык түрлѳрү жѳнүндѳ түшүнүгүн ѳстүрүү маселелери талкууланууда.

Чүй облусуна караштуу Кемин шаардык кеңештин депутаты Наталья Дубинина16 жаштагы кыздын аянычтуу өлүмүн баяндап, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Окуя үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болгон. Саат 17.30да Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, кызы түшкө чейин эле үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Ал эми ага 15 мүнөт калганда, тагыраагы, саат 17.15те милицияга токойдо бойго жете элек кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат жеткен. Жерине барган милиция кызматкерлери ал энеси издеп жаткан 16 жаштагы кыздын сөөгү экенин аныктап, аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесине («Адам өлтүрүү») ылайык каттоого алынган. Милициянын маркумдун энесинин көрсөтмөсүнө таянып билдиргенине караганда, кыз мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Кыз апасына чалып алуу үчүн кошунанын телефонун, андан кийин акча сураганы айтылат. Ошол маалда ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кызга асыла баштаган. Качан гана өспүрүм кыйкыра баштаганда коркуп кетип, аны муунтуп салган. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алган. Көп өтпөй укук коргоочулар шектүү катары 42 жаштагы кишини кармады. Бүгүнкү күндө соттук отурумдар уланып жатат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, жыл сайын өткөрүлгөн акция 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген. Акция 25-ноябрь — Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат. Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөдү. Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылы 21 аял, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты.

Количество просмотров: 256