• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Зордуктоого аракет кылган кишини өлтүргөн келин 10 жылга соттолушу мүмкүн

24 Аяк оона 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

Быйыл июнь айында Кашкадарыя облусунда кош бойлуу келин аны зордуктоого аракет кылган кишини бычак менен сайып, жыйынтыгында ал алган жараатынан улам каза болуп калган.

Күн мурун облустук прокуратура бул факты боюнча болжолдуу тергөө аяктап, иш Чиракчин райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Келинге «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Күнөөлүү деп табылса ал 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 1307