• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Зулушев менен Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда

2 Баш оона 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

 Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл менен жолугушууда жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Жыйынга Панфилов районунун 100дөн ашуун тургуну катышты.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Количество просмотров: 101