Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Бул иш боюнча айып тагылгандардын бири мрдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев сотко кирип баратканда журналисттердин суроолоруна жооп берип, отурумдардын ачык өтүшүн колдой турганын айтты.
“Ачык өтсө жакшы болмок. Бирок тергөө ушундай чечим кабыл алып сот колдогон экен”, — деди ал.
Белгилей кетсек, ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө.