• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Асылбек Жээнбеков: Мискенбаев «провокатор»

20 Жалган куран 2018 17:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.03.2018.Govori.TV
Депутаттык мандатты тапшыруу боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Бул тууралуу Асылбек Жээнбеков ЖМКларга жарыяланган кептерге жооп берип жатып билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулган. Фракция лидери Иса Өмүркулов жыйын майрамга карата уюштурулганын айтып, ЖМКларга жарыяланган экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин «Асылбек Жээнбековду мандаттан ажыратуу маселеси каралат» деген билдирүүсүнө эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
«Мандат тууралуу сөз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Мискенбаев — провокатор. Мандатымды эл гана ала алат, бул сөздөр Сооронбай Шарипович көтөргөн маселелерди көрө албагандардын чыгарганы. Үй бүлө кийлигишпейт, аны кыргыз эли көтөрө албайт», — деди Жээнбеков.
Количество просмотров: 6