• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мадумаров качан камактан чыгат? Жактоочунун жообу

25 Чын куран 2024 18:44 Бишкек Govori.TV

ЖКнын депутаты Адахан Мадумаров бүгүн түнкү саат 12де камактан чыгышы керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Туманов билдирди.

«Өкүм күчүнө кирди деп туруп судья кол койду. Эми тескеме менен түнкү саат 12 менен күчүнө кирет деп чыгарып коюптур. Ошондо саат 12де күчүнө кире турган болду, андан кийин бир да мүнөт кармабай чыгарыш керек», — деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Мадумаровдун адвокаттары саясатчыга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазбай турганы маалымдалган.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган.

Количество просмотров: 283