• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орусияда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелген ИИМ кызматкерлери кармалды

26 Чын куран 2024 9:33 Бишкек Govori.TV

Подмосковьедеги Балашиха шаарында 14 киши, анын ичинде төрт полиция кызматкери мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, айыпталуучулардын арасында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аймактык бөлүмүнүн башчысы жана үч кызматкери бар.

Тергөөнүн версиясына ылайык, шектүүлөр жалпысынан 1 миллион рублден көп пара алып, бул үчүн Реутов жана Балашиха шаарларына 1 500дөн ашык чет өлкөлүктү мыйзамсыз миграциялык каттоого тургузушкан. Мындан тышкары аларга орус тилин биле тургандыгы жөнүндө жасалма сертификаттарды жана башка миграциялык документтерди даярдап беришкен.

«Алар өздөрү көзөмөлдөгөн фирмалар аркылуу миграциялык каттоого турууну каалаган мигранттарды издеп таап, акчага жасалма миграциялык документтерди даярдап берип турушкан. Мындан тышкары кармалгандар чет өлкөлүктөрдү жапырт түрдө каттатууга макул боло турган үй ээлерин да издешкен», – деп билдиришти ИИМдин Москва облустук башкармалыгынан.

Бул иш боюнча 12 айыпталуучу тергөө абагына камалып, экөө үй камагына алынганы кабарланды.

Орусия ИИМи мигранттарга карата көзөмөлдү 22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин күчөткөн. Андан бери укук коргоочулар мыйзамсыз кармоого, ур-токмокко алууга жана Орусиядан күч менен чыгарууга даттанган мигранттар көбөйгөнүн билдирүүдө.

Количество просмотров: 94