• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаров камактан чыкты (видео)

26 Чын куран 20240:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров камактан чыкты.

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал абакта калтырылган.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 514