• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

04.04.2018. Күндүн ыргагы… Сегизбаев кылдын учунда… Дос жана ТЭЦ… Атамбаевдин “балакай” досторунун баяны…

4 Чын куран 2018 19:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.04. 2018. Govori.TV
Сагынбек сага айтам, Абдил сен ук!
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Анда сөз коррупцияга каршы күрөш тууралуу болуп, Коопсуздук Кеңешиндеги чечимдердин аткарылышын талкууланган.  Президент коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттер башталганын оң баалап, бирок, сот, прокуратура тарапты жакшылап тескөөнү жана чиновниктерди кадырына, мурдагы сиңирген эмгегине карабай, эгер кайсы бир жемкорлугу чыгып калса, жоопко тартуу керектигин талап кылды.

Ооба, бул бир караган адамдага мыйзам ченемдүү эле кадыресе процедура. Президент кабыл алат, отчет алат, тапшырма берет дегендей. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков акыркы учурда Абдил Сегизбаевди абдан тез-тез кабыл алып, ага улам талапты күчөтүп туруп алды. Бул деген билинбеген моралдык кысым. Ар бир кабыл алуунун артында, “эми бизден кутулбайсың, мурдагыдай жөн жай иш жок, эми-и кайсы бир адамдардын буйруктарын аткарып жүрө берүү деген болбойт” деген мамиле жатканын түшүнсөк болот.
Мындай учурда эгер жоопкерчилик жана жигиттик намыс боло турган болсо УКМКнын башчы деле абалды түшүнүп турган соң өз арызы менен кызматын тапшырып берсе, эртең башы бийик болмок. Саясатта, мамлекеттик кызматта ким жетекчиликке келсе анын өз командасы, өзүнүн ишенимдүү адамдары болоору, эскилер менен жаңылардын эптешүүсү кыйынга тураары баарына түшүнүктүү эле жазылбаган мыйзам эмеспи. Башкы чекист муну өзү деле сезип жатса керек.
Бул жолугушуудагы дагы бир кызык-УКМКнын төрагасы жана коррупцияга каршы башкы күрөшүүчүнүн маңдайында Президент өзү дайындаган Коопсуздук кызматынын башчысы Дамир Сагынбаев отурду. Бул дагы жөндөн-жөн эле “жүрү, тигилердин отчетун угуп коелу” дегендик эмес. Президент азырынча ишеним артып таянып жаткан Коопсуздук Кеңешинин башчысынын Абдил Сегизбаевдин маңдайында отурганы жана президенттин “коррупцияга тиешеси бар чиновниктерди ким гана болбосун, кандай эмгек сиңирбесин, жоопко тарткыла” деп батыл айтып жатышы, сөздүн артында “Кечээки, табакташ, пикирлештерди аямай жок, жеке мамиле, бир адамга кызмат кылып, боор тартып, айрымдардын кылмыштарын жашырып-жаап, көрмөксөнгө салып койсоңор мына биз көрүп турабыз, Коопкеңеш Коопсуздук комитетинин ар бир кыймылын карап турат, андыктан…” деген маанини туюнтту.
Дос жана ТЭЦ  
УКМК тарабынан 2-апрелде Бишкек ТЭЦинин, «Электр станциялары» ААКсынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКсынын бир топ кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221 («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы») беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козголгону маалым болгон. Кызыгы мындай чечим ТЭЦтин авариясы боюнча өкмөттүк жана парламенттик комиссиялардын жыйынтыгын күтпөй эле, алдыга чуркаган аракет болуп калды. Эмне үчүн? Комиссиялар коррупция боюнча иш козголушу керектигин корутундуга жазып, аны парламент токтом менен бекитип, укук коргоо органдарына жөнөтүп, анан алар он ойлонуп, тогуз толгонуп кыймылга келиш керек беле? Жол-жобосу ушундай болчу.

Бирок, иштин мындай ордунан от алып кетишине экс-президенттин 31-марттагы маалымат жыйынында “ТЭЦке менин тиешем жок, анын ремонтун, күзгү-кышкыга даярдыгын Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жасаган. Күнөөлүү ошолор…” сыягындагы экинчи тарапты айыптоосу себеп болду окшойт. Кыскасы, дал ушул ТЭЦ эки лидердин ортосундагы достукту биротоло күм-жам кылып, эми алар кимиси коррупционер, кимиси таза экенин коомчулук алдында далилдөөгө далбас урат шекил.

Ошондон улам  Президенттин жаңсоосу менен атайын кызматтар “Электр Станциялары” ААКсынын башчысы Узак Кыдырбаев менен ТЭЦтин модернизациясын ишке ашырган топтун башчысы, Темирлан Бримкуловду суракка алып, андан соң УКМК убактылуу кармоочу жайга камакка алды көрүнөт. Эми эмне болот?  Укук коргоочулардын укуругу узун эмеспи, эми бул ТЭЦтин модернизациясына тикелей катышы барлар булбулдай сайрап, депутаттарга, журналисттерге айтпаган сырларды ачыкка чыгарышы мүмкүн. Анда эле булардын башында турган Айбек Калиев жана модернизацияга тиешеси бар, кытайлык ТВЕА менен карым-катнаш түзгөндөр, кытайлыктардын сыйына карк болгондор да кылмыш жообуна тартылып, иштин аягы барып барып өтө чоң адамдарга учкашып калышы мүмкүн. Күтө туралы…
Эдилге эч жооп айта албаган СДПК
Коомдук ишмер Эдил Байсалов бүгүн таңда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “Атамбаевдин 11 досу” аталышындагы иликтөө-тасмасын жарыя кылып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Акыркы учурларда өзүнчө эле жеке детективдин ролун аткарып бара жаткан Байсалов анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бизнестеги жаңы, жаш өнөктөрү, аларга катталган компаниялар, ал компаниялардын Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорго, сатып алууларга аралашкандыгы тууралуу жаңы жагдайларды ачыктайт. Коомчулук бул тасманы азырынча кынтыксыз иликтөө деп кабылдап, кубаттап турган кези.

Ал ортодо бул боюнча КСДП партиясынын штабы үн катты. Анда алар “биз Байсаловдун видеосун көрүп чыктык. Ага курултайдан кийинки Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен гана жооп кылмакчыбыз. Сиз деле билесиз, Алмазбек Шаршенович курултайдан кийинки басма сөз жыйынында «мен Эдил Байсаловду окугандан жийиркенет элем, анын айткан сөздөрү базарда да айтылбайт» деп айтпадыбы. Башка комментарий жок. Биз Эдил Байсаловдун айткандарын комментарийлөөнү туура эмес деп эсептейбиз”,-деп жооп узатышкан.
Албетте, мындан артык жооп болушу мүмкүн эмес болчу. Анткени, ал иликтөөдө танып кете турган, буруп кете турган, жокко чыгара турган кылайган нерсе жок. Баардыгы тең мыйзам ченеминде, жөпжөнөкөй, интернетке саякат жасаган ар бир жаран таап окуй турган, көрүп ишене турган документтерден топтолгон болчу. Мындайда, тилди тишке кыстаргандан башка не дешмек?
Количество просмотров: 59