• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

1,5 сомдук бахиланын ордуна 150 сомдугу алынган. Дары-дармектер департаментиндеги коррупциялык схема аныкталды

2 Бирдин айы 2021 14:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлиги менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти коронавирус эпидемиясы башталган кезде мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун суммада зыян келтиришкен деп эсептейт.

Мекеме 2-февралда билдиргендей, 2020-жылдын 6-майында медициналык атайын кийим, мээлей жана бахила сатып алуу боюнча бир фирма тандалган.

Натыйжада 1,5 сомдук кыска бахиланын ордуна 150 сомдук кончу узун бахиладан 150 миңи, мындан тышкары, техникалык атайын талапка жооп бербеген 101 мээлей сатылып алынган.

Бул фактыны Башкы прокуратура Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелеринин негизинде каттап, сотко чейинки териштирүү баштады.

Саламаттык сактоо министрлиги Башкы прокуратуранын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. 2-февралга карата бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

Количество просмотров: 85