25-августтан тарта Казакстанда QazETA электрондук системасына байланыштуу өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул система аркылуу өлкөгө кирүү үчүн электрондук уруксат алуу талап кылынат.
Учурда QazETA сыноо режиминде иштеп жатат жана системага катталуу азырынча сунуштоо мүнөзүндө гана. Казакстандын бийлиги электрондук уруксат милдеттүү боло турган өлкөлөрдүн тизмесин азырынча беките элек.
Эгерде QazETA системасы Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болсо, анда Казакстанга барар алдында атайын мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүү керек болот. Арызды сапарга кеминде 72 саат калганда тапшыруу сунушталат.
Берилген уруксат 180 күнгө жарактуу болот. Бирок өлкөгө киргизүү боюнча акыркы чечимди мурдагыдай эле чек ара кызматкерлери кабыл алышат.
Июль айынын ортосунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Казакстан тараптан кошумча түшүндүрмөлөрдү күтүп жатканын билдирген.