• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан кытайлык студенттин сөөгү табылды

26 Баш оона 2022 16:44 Бишкек Govori.TV

Бир жумадан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөөгө алынган 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой, 2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августа түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн.

«Кайрылуунун негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү. Жерине ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2581