• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сууга аккан 1 жашар кыздын сөөгү табылды

27 Теке 202314:18 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен 1 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, наристенин сөөгү кырсык болгон жерден эки чакырым алыс, дарыянын «Таштар-Ата» дачасынын аймагынан табылган.

Эске салсак, 18-июлда Чүйдөгү эс алуу жайында наристе кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылган. Кыз бир жумадан ашык убактын бери изделип жаткан.

Количество просмотров: 200