1-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына тогуз метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.