Депутат Дастан Бекешев 1-июнь – Балдарды коргоо эл аралык күнүн эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштады.
Анын айтымында, өлкөдө саясий майрамдар көп, бирок үй-бүлөлүк майрамдар аз болууда.
“Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, мүмкүнчүлүктөрдү карап 1-июнду эс алуу күнү кылуу керек. Эгер макул болсо мен бул мыйзам долбоорун тез арада коомдук талкууга алып чыгууга даярмын”, — деди депутат.
Бекешев Бишкек шаарында жайгашкан балдар үйүнө барганын кошумчалап, ал жакта асырап алууга муктаж болгон балдар көп экенин, бирок тилекке каршы асырап алуу тартиби абдан оор экенин белгиледи.