• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

1-класска барган окуучулардын саны өсүп жатабы? Коңшу өлкөлөрдөгү абал…

8 Аяк оона 2023 22:28 Бишкек Govori.TV

2023-2024-жаңы окуу жылынын башталганына туура бир апта болуп, мектеп окуучулары окууларына толук кандуу киришип бүткөн учуру. Жыл сайын окуу башталганда китеп жетишсиздиги, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктары сыңары көйгөйлөр менен бирге окуучулардын саны жыл сайын өсүп жатат деген маселе көтөрүлөт.

Кыргызстанда быйыл 150 миңдей бала мектеп босогосун жаңыдан аттап, 1-класска барды, алардын арасынан 20 миңден ашууну Бишкек шаарында. Билим берүү министрлиги окуучулардын саны менен билим берүү жайларынын да саны арбып жатканын маалымдап келет.

Ошондой эле, коңшу өлкөлөрдө да 1-сентябрь — Билим күнүндө миңдеген окуучулар мектеп босогосун жаңыдан аттады. Алсак, коңшу Казакстанда 382 миң бала 1-класска кирсе, Өзбекстанда 732 миң, Тажикстан 240 миң бала мектепке кирди.

Жаңы мектеп окуучуларынын саны өсүп жатканы бир гана кыргыз мектептирде жаралган маселе эмес.

Алсак Россиянын Самара облусундагы мектепке 31 биринчи класс кабыл алынган, алардын ар биринде 30 окуучу бар экени маалымдалган.

Количество просмотров: 39