• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

1-класска электрондук каттоо. 59 миңден ашуун бала катталды

29 Чын куран 2024 17:40 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 29-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 59 миң 80 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Ысык- Көл облусу — 5547 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу — 11443 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу — 3709 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу — 6979 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу —11550 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу — 3257 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу — 8839 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары — 5957 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары — 1799 (жалпы квота – 11 миң 233)

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

  1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
  2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
  5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Количество просмотров: 84