• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

1-класстын окуучулары кошумча бир жумалык каникулга тарайт

30 Үчтүн айы 2024 12:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба-ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарына жараша 2024-жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.

«Биринчи класстардын кошумча эс алуусу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 буйругуна ылайык берилет», — деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 596