Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Синоптиктердин маалыматы боюнча 3-майга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Эртең күн жылып, асманды булут каптап турат. Бийик тоолуу райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Таласта түнкүсүн 5…7, күндүз 9…21,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…8, күндүз 21…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,
Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градус болот.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° болот.