• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

«Түндүктө» баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы пайда болду

28 Теке 202617:23 Бишкек Govori.TV

Мобилдик «Түндүк» тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду.

Маалыматка ылайык, эми эне да, ата да баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды түздөн-түз «Түндүк» тиркемеси аркылуу бере алышат.

«Түндүк» аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:

  • баланын төрөлгөнүн каттоого арыз берүү;
  • арыздын каралуу статусун көзөмөлдөө;
  • даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алуу.
Количество просмотров: 6