• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Балыкчы-Бишкек жүргүнчү поезди белгисиз адамдар тарабынан таш менен ургуланды

28 Теке 202618:19 Бишкек Govori.TV

27-июлда саат 22:54 чамасында Балыкчы – Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609 шаар четиндеги жүргүнчү поезди Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда, белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген.

«Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери жабыркап, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына материалдык зыян келтирилди. Темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында жабыркаган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылды.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. «Кыргыз темир жолу» УК» МИси күнөөлүүлөрдү ыкчам аныктап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат деп ишенет», — деп жазылат маалыматта.

Ишкана жарандарды темир жол инфраструктурасынын объектилерине аяр мамиле кылууга жана вандализм фактылары же башка мыйзамсыз аракеттер тууралуу укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

Количество просмотров: 10