• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

1-октябрдан тарта муниципалдык ECO TAXI ишке кирди

2 Тогуздун айы 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык ECO TAXI ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, ECO TAXI — бул электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттун экологиялык жактан таза жана үнөмдүү түрү.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта муниципалдык ECO TAXI`нин 10 электр унаасы иштей баштайт.

ECO TAXI`нин маршруттук схемасы:

Киев/Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичирайонуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 (күндүзгү) жана 17:00-20:00 (кечки).

Отургузуу баасы киши башына 50 сом.

ECO TAXI экологиялык транспорт үчүн атайын тилкеде жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү.

Жакынкы арада etaxi.kg сайтынан ар бир электр унаасынын геолокациясын онлайн режиминде көрө аласыздар.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматына +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу кайрылсаңыз болот, колл-борбору күнү-түнү иштейт.

Муниципалдык ECO TAXI`нин артыкчылыктары:
• Белгиленген сары тилкеде айдоо
• Экологиялык жактан таза — атмосферага зыяндуу эмиссиялар жок
• Жүргүнчүлөр үчүн комфорт – тынч жана жылмакай жүрүү
• Экономикалык — саякаттын арзан баасы
• Коопсуздук – кабинадагы видеобайкоочу камералар

Муниципалдык эко-таксинин ишке кириши Бишкек шаарынын экологиялык таза транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Электр унаалар экологияга жана жарандардын ден соолугуна зыян келтирбейт.

Количество просмотров: 91