• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

1-октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлөт

29 Баш оона 202516:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 (элүү миң) сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилди.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 7 100 (жети миң бир жүз) сомдон кем болбойт деп белгиленди.

Токтом менен министрлер кабинетине караштуу КР Социалдык фондуна 2025-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 1,10 өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине, бирок 600 (алты жүз) сомдон кем эмес жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 (элүү миң) сомдон ашкан пенсия үчүн 5 000 (беш миң) сомдон көп эмес индексациялоо тапшырылды.

Количество просмотров: 926