Эртең, 1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунун өрөөн зонасында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облусунун өрөөн зонасында, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +14…+19
күндүз +28…+33
Талас облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +26…+31
Баткен облусунда
түнкүсүн +15…+20
күндүз +31…+36
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +15…+20
күндүз +31…+36
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Нарын облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +20…+25
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +30…+32 градус болот.