• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

21 Теке 202615:34 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков 22-23-июлда Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомство башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалган.

Анын жүрүшүндө кыргыз-беларусь кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, келечектеги кызматташуунун алгылыктуу багыттары жана эл аралык күн тартибиндеги негизги темалар талкууланат.

Количество просмотров: 25