• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Бишкекте мыйзамсыз курулган кафе алынды

21 Теке 202616:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Орто-Сай» базарынын аймагындагы Суеркулов көчөсүндө муниципалдык жерди максатсыз пайдаланган объекти аныкталып, 200 чарчы метр жер тилкеси бошотулду.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аянт унаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн ижарага берилгени, бирок ижарачы келишим шарттарын бузуп, ал жерге жеңил конструкциядан кафе куруп алганы белгилүү болду.

Объект ээсине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилип, муниципалдык жерди максатсыз пайдаланганы үчүн 13 миң сом айып пул салынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин ишкер кафени өз ыктыяры менен демонтаждаган.

Мэриядан билдиришкендей, бошотулган 200 чарчы метр аймак эми көрктөндүрүлүп, өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.

Количество просмотров: 37