1-сентябрдан тартып чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, Бишкек–Ысык-Көл, Бишкек–Ош жана Торугарт унаа жолдорунда айдоочулар эрежелерди сактабагандыктан, көп жол кырсыктары катталууда.
Ошондой эле министр унаа башкаргандарга кайрылып, ири жолдордо шашпай айдап бара жаткандар оң тилке менен, ылдам жүргөндөр сол тилке менен жүрүүсү керектигин билип алышын айтып өттү.
«1-сентябрдан тартып, президенттин жарлыгынын негизинде — чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет”, — деген ал.