Социалдык тармакта кимдир бирөө кемсинткен комментарий жазса, ал жоопкерчиликке тартылат.
Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 15-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби комитетинин жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Комитет ЖМКлардагы жана интернеттеги жалган жалаа жана мазактоо боюнча Кылмыш-жаза кодексине кошумча беренени камтыган мыйзам долбоорун карап жатат.
Сыдыковдун айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте адепсиз формада айтылган мазактоо, башкача айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинтүү үчүн жеке жактарга 100 миң сом айып салуу сунушталууда. Ал эми юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынуусу каралып жатат.