2024-жылдын 1-июнунан 19-августка чейинки аралыкта Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун аткарбаган 64 жүк ташуучу унаанын айдоочуларына карата айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эрежени сактабаган айдоочуларга карата Укук бузуулар боюнча кодекстин 434-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 342 200 сом айып пул төлөй турган болушту.
Эске салсак, абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда оор салмактагы унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө чектөө 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин киргизилген.
Жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жана Бишкек шаардык транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлүүдө.