Бишкекте ИИМдин кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору мас абалында унаа айдап бара жаткан айдоочуну аныкташты.
Патрулдук милициянын кызматкери Мирлан Таалайбековдун айтымында, 1-октябрда Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Инспектор айдоочу мас абалында болгон деп шектенген. Айдоочу инспекторго сот департаментинин кызматкери катары күбөлүгүн көрсөткөн. Мунун баары инспектордун камерасына жазылып калган.
Наркология боюнча экспертизанын жыйынтыгында анын мас экени аныкталган.
Таалайбековдун айтымында, айдоочу Сот департаментинин алименттик карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Курманбеков болгон.