Абитуриенттерди каттоонун айланасындагы ызы-чуу, Билим берүү министрлигине нааразычылыкты күчөтүп, УКМКга арыз жазуу менен коштолду. Белгилей кетсек, сынак онлайн режиминде “Абитуриент онлайн” системасында өткөрүлөт. Бул системада абитуриенттер каалаган университеттин, багытты тандап, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талондорду жөнөтүшөт. Программа бюджеттик бөлүмгө кабыл алуу үчүн абитуриенттердин рейтингин автоматтык түрдө түзөт.
Биринчи тур 17-июлда саат 14:00дө аякташы керек болчу, бирок ага жарым саат калганда система бузула баштаган. Буга байланыштуу Билим берүү министрлиги талондорду кабыл алуу убактысын саат 16:00гө чейин узартты. Андан кийин бюджеттик окууга тапшыргандардын тизмесине кирген абитуриенттер жаңыланган рейтингде өздөрүн таппай калышкан. Абитуриенттер сынактын начар уюштурулушу, “Абитуриент онлайн” маалымат системасынын жакшырбаганына нааразы болгон ата-энелер УКМКга барышкан. Алар мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына билдирүү жазып, Билим берүү министрлигинин аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Расул Абазбеков «жогорку окуу жайларга кабыл алуу аяктап калганда, тагыраагы саат 13:30 га чукул, “Абитуриент онлайн» маалыматтык системасында маалыматтардын көптүгүнөн жана колдонуучулардын бир убакта кошулуусунан улам кыска мөөнөттүк техникалык мүчүлүштүктөр болду.
17.07.2024 — Бир убакта активдүүлүктүн жогорулашы жана иштелип чыккан маалыматтардын чоң көлөмү маалымат системасынын саат 13:12де убактылуу иштебей калышына алып келди. Иштелип чыккан маалыматтардын жалпы саны 65 916ны түздү.
Эксперттердин анализине ылайык бул үзүлүү туташуулардын санынын көбөйүшүнөн жана системага абдан чоң жүк түшкөндүгүнөн болгон.
Техникалык адистер 2 сааттын ичинде системанын толук кандуу иштешин камсыздашты. Ошондуктан система өчкөн мезгил үчүн компенсация катарында 30 мүнөт кошулуп берилди.
Урматтуу достор мындай форс мажор учурунда бул чечим туура болду, антпесек көптөгөн абитуриенттер документтерин тапшыра албай калышмак. Ал эми үзүлүүгө байланыштуу окууга тапшыра албай калдык деген талапкерлердин ар бири менен жекече иштеп, тыкыр анализдин негизинде чечим кабыл алып жатабыз. Баарыбыз биригип жумуш алып барсак кандай маселе болсо да чечсек болот» деп жазды. .
Эске сала кетсек, Кыргызстанда үчүнчү жылдан бери ЖОЖго тапшыруу сынагына катышуу үчүн студенттерди каттоо “Абитуриент онлайн” системасы аркылуу онлайн жүргүзүлүүдө. Сынак беш турда өтөт, бирок бюджеттик бөлүмдө орундардын негизги саны биринчи турдун жыйынтыгы менен бөлүштүрүлөт.