Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова рейтингдик мелдештин күмүш байгесин жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлнкеттик агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Будапешт шаарындагы мелдештин финалында ал кытайлык Цзя Лонгго 0:4 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, Жуманазарова буга чейин Германия, Казакстан, Россия жана Венгриянын балбандарын катары менен жеңип, финалга чыккан.