• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

1-январдан баштап ун 15 пайызга, нан 20 пайызга кымбатташы мүмкүн

26 Бештин айы 2022 14:23 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 1-январынан баштап ун 15 пайызга, нан 20 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Руслан Жунушов билдирди.

Жунушов баанын кымбатташы 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктай турганы менен түшүндүрдү.

“2021-жылдын сентябрь айынан баштап министрлер кабинети тарабынан буудайды сырттан ташуу боюнча жеңилдиктер берилген. Башкача айтканда, кошумча нарк салыгы нөлгө барабар болгон. Ошондой эле жергиликтүү буудайды дагы кайра иштетип, сатканда 12 пайыз алынган. Анын жыйынтыгы менен жакшы натыйжага жеттик. Алсак, 2020-жылы пандемияда чек аралар жабылып, азык-түлүк кризиси болуп, алардын таңкыстыгы жаралган. 2021-жылы жеңилдик киргизилгенден бери 22 тегирменди кайра иштетип, үч жаңы тегиримен ачканга үлгүрдүк. 2023-жылы Баткен облусуна жаңы тегирмен ачууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, 2 миң 800 киши жумуш менен камсыз болду. Салык дагы көбөйдү: 2021-жылы 210 млн сом (кошумча нарк салыгын кошпогондо), 2022-жылы 247 млн сом деп пландалууда, 2023-жылы 270-300 млн сом деп күтүүдөбүз”, — дейт ал.

Жунушов белгилегендей, бүгүнкү күндө темир жолдо маселе жаралып, чийки зат жетишсиз болууда. “Жол жабык болууда. Ал эми бизге берилген жеңилдик 31-декабрда бүтөт. 2023-жылдын 1-январынан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, мындан улам ундун баасы 14-15 пайыз, нан 18-20 пайызга кымбатташы ыктымал. Бир гана ун эмес, суюк май жана кумшекердин дагы баасы өсүшү мүмкүн”, — деди Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти.

Жунушов Кыргызстанда жылына болжол менен 500 миң тонна ун, 800-900 миң тонна буудай керектелерин кошумчалады.

“Ундун жарымын, 250 миң тоннасын биздин тегирменчилер чыгарат. 2020-жылы 10 пайызын гана өндүрчүбүз. Анда 7-8 комбинат иштеген, азыр 30 комбинат иш алып барат. Эгерде буудай болсо, калкыбызды 120 пайыз ун менен камсыздай алабыз”, — деди ал.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти маалымдагандай, Кыргызстанда буга чейин өзгөчө кырдаал режими болгондуктан өзгөртүүлөрдү министрлер кабинети киргизип келген.

“Учурда ал режим алынгандан кийин министрлер кабинети мындай укуктан ажырап калды. Бирок бул норманы жаңы Салык кодексине киргизди. 31-декабрга чейин жаңы кодексти Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алса, азык-түлүктүн баасы туруктуу болот”, — дейт Жунушов.

Количество просмотров: 380