• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө нан кымбаттады

11 Үчтүн айы 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында токоч саткан сатуучулар нанга болгон баа өскөнүн билдиришти. Бул тууралуу Govori.TVнын кабарчысы билдирет.

Бөлкө нанга болгон баа мурункудай эле, ал эми жапма нан 5 сомго кымбаттады.

Кыргызстандын башка региондорунда нанга болгон баа кандай болуп жаткандыгы тууралуу маалымат такталып жатат.

Буга чейин, Кыргызстандын ун ишканалары ассоциациясы 1-январдан тарта ун жана жем 15 пайызга кымбаттайт, ата мекендик тегирменчилер өз продукциясынын баасын көтөрүүгө аргасыз болорун билдиришкен эле.

Себеби, 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

Ассоциация 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин тармакты мамлекеттик колдоо күчүндө экенин эскертти, башка айтканда бул аралыкта данды импорттоо жана кайра иштетүүдө КНС нөлгө барабар болгон. Ошондуктан, жыл ичинде чек арадагы жана коңшу мамлекеттердеги чыр-чатактарга карабастан, социалдык маанилүү товарларга жана биринчи кезекте эң зарыл болгон товарларга баанын турукташуусу байкалды.

КР министрлер кабинети менен түзүлгөн келишим боюнча ун комбинаттары өздөрүнүн кампаларын дан жана ун менен эки айлык запас камдоого милдеттенишкен. Бирок октябрь айынан баштап Россия Федерациясынан эгин ташууда көйгөйлөр башталды. Темир жолдогу тыгынга байланыштуу Казакстан темир жол бекеттерин жана жолдорн тазалоо максатында жүктөрдү транзитке өткөрүүгө шарттуу тыюу сала баштады.

«Бүгүнкү күндө ун комбинаттарындагы дандын жана ундун запасы азайып, бул олуттуу көлөмдү түзүүдө», — дейт Ун тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов.

Ал белгилегендей, таңкыстыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр да, Россия Федерациясындагы дан ташыгычтардын жетишсиздиги да себеп болгон. Азыр жеткирүүлөрдүн кечигүүсү 30-40 күнгө жетет. Ата мекендик ишканалар октябрь айында заказ кылынган сырьенун көлөмүн ала элек.

«Бул себептер ун өндүрүүчүлөрдүн кампаларындагы ун жана дандын запасын олуттуу кыскартууга таасирин тийгизди жана эгер коңшу мамлекеттер чек араларды жаап салган же дан менен унду экспорттоого тыюу салган окуялар кайталанса, анда биз калкты ун менен 25-30 күн гана камсыз кылууга мүмкүн болот. Ал эми ундун баасынын көтөрүлүшүнө келсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта дандын баасы 12%, ун 15% кымбаттайт – бул керектөөчүлөр ун сатып алууда төлөй турган КНСтин суммасы. Албетте, ундун кымбатташы нандын наркына да таасирин тийгизет, ал 18-20% кымбатташы мүмкүн”, — деп жыйынтыктады бирикменин жетекчиси.

Количество просмотров: 795