• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

1 жаштагы баланын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

15 Бугу 2023 14:25 Бишкек Govori.TV

Ат-Башыда эмдөөдөн кийин чарчап калган 1 жаштагы баланын өлүмү боюнча комиссия түзүлүп, окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу Govori.TVга Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, окуя министрдин жеке көзөмөлүндө.

«Баланын кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза болгону тууралуу комиссиянын корутундусу жок, экпертизалар дайындалды. Балага менингоэнцефали́т диагнозу коюлган. Жалпак тил менен айтканда мээнин сезгенүүсү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деди Ишенапысова.

Буга чейин Ат-Башынын Кара-Суу айылында бир жашар бала кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин чарчап калганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 146