Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында — 445 адам;
— Чүй облусунда — 123 адам;
— Жалал-Абад облусунда — 70 адам;
— Баткен облусунда— 56 адам;
— Ош облусунда — 13 адам;
— Ысык-Көл облусунда — 51 адам;
— Нарын облусунда — 16 адам;
— Талас облусунда — 20 адам;
— Ош шаарында — 3 адам.
Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.