• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

10-февралда күтүлгөн аба ырайы

9 Бирдин айы 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 6…8 градус болот.

Количество просмотров: 355