• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

10-июлда участкадан тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет

9 Теке 2021 13:47 Бишкек Govori.TV

Эртең, 10-июлда үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тыш добуш берүү үчүн 3 992 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мыйзам боюнча алар шайлоодон бир күн мурун 10-июлда жактырган партиясын шайлайт. Мындай укук Бишкек шаарында 2 602, Ошто 1 168 жана Токмокто 222 шайлоочуга берилген.

Белгилей кетсек, бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар бар. Ал эми калктуу конуштан алыс жайгашкан аскерлер, шайлоо күнү кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлери да көчмө урна аркылуу добуш берет.

Количество просмотров: 117