Эртең, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунун жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз бардык облустарда жаан жайт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35,
Бишкек шаарында түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33°, өткүн өтөт.