• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

10 күндөн бери эки кичинекей кыз батирде кароосуз жашап келет

30 Үчтүн айы 201912:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кечээ күнү шаар аймагында «Түнкү ѳспүрүм» деген аталыштагы рейддик иш чара ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сѳз кызматы билдирет.

Бул иш чаранын максаты түнкү убакта чоң адамдардын коштоосусуз интернет, оюн-зоок клубдарында жүргѳн ѳспүрүмдѳрдү аныктоо жана аларга карата түшүндүрүү, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү болуп саналат. Бул иш чаранын алкагында Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн жашы жетелек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндѳгү батирлердин бирине кароосуз ташталып кеткен эки жаш бала аныкталды.


Маалым болгондой, Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүнүн №36 үйүнүн, бир бѳлмѳсүн азырынча аты-жѳнү белгисиз келин эки жаш кыздары
менен убактылуу жашап туру үчүн (квартирант)катары алган. Бир күндѳн соң эрте менен жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээсинин айтуусуна караганда 10 күндѳн ашуун убакыт ѳттү, балдардын апасы кайрылып келген эмес. Тилекке каршы батирине киргизген аял балдардын апасынын дарегин, аты-жѳнүн толук сурап калууга үлгүрбѳгѳн.Бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган.


Жаш кыздардын улуусунун айтуусуна караганда бирѳѳнүн аты Мадина, 4 жашта, ал эми кенжесинин аты Бубина. Апасынын аты-Хаитхон.


Милиция кызматкерлери жаш балдардын жашоо шарты талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу, Ош шаардык социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте үй-шартына кароо жүргүзүшүп, жаш балдар Ош шаарынын балдар үйүнѳ ѳткѳрүлүп берилди.


Учурда балдардын ата-энесин издѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Апасы 2-3 күндѳн кийин бир ирет телефон аркылуу үй эссине байланышка чыгып, балдарын карап турууну, жакында бараарын айткан. Бирок, андан бери он күндѳн ашуун убакыт ѳтүп кеткен. 

Количество просмотров: 12