• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

10-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

9 Бугу 201917:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын көпчүлүк аймагында 10-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз айрым райондордун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…9, күндүз 16…21, ал эми Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 12…14, күндүз 29…31.

Количество просмотров: 18