Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 медкызматкер илдет жуктурду.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 555 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 200 медкызматкер айыгып чыкты.