10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Чүй облусунда – 4, Ош шаарында — 2, Ош облусунда -1, Баткен облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда — 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган»,-деди Үсөнбаев.
Кошумчалай кетсек, жалпысынан өлкө боюнча 556 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 387 медкызматкер айыгып, үйүнө чыгарылган.