10-11-сентябрларда аба-ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бишкекте түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23 градуска чейин жогорулайт.