• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт

5 Үчтүн айы 20219:17 Бишкек Govori.TV

10-январда, Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (мажилис) депутаттарды шайлоо өтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, шайлоодо беш партия ат салышат.

Алар:

  • «Ак жол» Казакстан демократиялык партиясы;
  • Казакстан элдик партиясы (мурдагы коммунисттер);
  • Nur Otan;
  • «Айыл» элдик-демократиялык партиясы;
  • «Адал» саясий партиясы.

Белгилей кетсек, Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы мажилис келгенден кийин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү дайындалат.

Количество просмотров: 129