• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

100 миң сом,  iPhone 12, Орусияга билет. Курсактагы баласын саткан келин кармалды

2 Кулжа 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда ымыркайды сатуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Ата районунун 1998-жылы туулган тургуну курсактагы баласын сатууга аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. 

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган келин 1996-жылы туулган жаранга курсактагы баласын сатууга убада берген. Ал эми сатып алган жаран келинге 100 миң сом, Айфон 12 жана Орусияга билет алып бермек жана ымыркай төрөлгүчө аны бакмак. Андан ары жаран Ысык-Ата районунун Жалпы медициналык практика борборунун кызматкери менен кылмыштуу тил табышып, аны менен өзүнүн атына кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түзүшкөн. 20-майда келин жасалма документ менен барып, аталган борбордо кыз төрөгөн. Кылмыш иш алдын алынып, эки шектүү милицияга жеткирилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 133