• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коңшу мамлекеттерге баңгизат ташып жүргөн шектүү кармалды

20 Чын куран 202410:01 Бишкек Govori.TV

Баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү «чарс» баңги каражаты табылды. Такталган маалыматтарга ылайык, аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңги заттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.

2024-жылдын 17-апрелинде тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.Ж.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 128